1- Март 2011 -жылы
Ноокатта салык кызматкери Сагынбек Алимбаевди өлтүрүүгө буюртма бергендерди табууну талап кылышып митингчилер бир үйдү өрттөп жиберишкен
Ноокатта салык кызматкери маркум Сагынбек Алимбаевдин 100-150дөй тууганы райондун борборуна чогулуп, “өлтүрүүгө буюртма берген адамды таап, жазалагыла” деп милиция кызматкерлерине талап коюшкан. Алар менен облустук, райондук милициянын башчылары жолугушуп, сүйлөшүүлөрдөн кийин адамдар тарап кетишкен. Бирок саат 12 чамасында кайрадан 200дөй адам чогулуп, “буюртма берди” деген адамдын Калинин көчөсүндө жайгашкан үйүн карай бет алып, үйдү өрттөп салышкан. Ал кезде үйдө эч ким болгон эмес. Өрттөгөн 20 адам милиция тарабынан камакка алынып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң кайра коё берилген.