Өзүнүн новелла жана аңгемелери менен дүйнөгө таанылган япониялык жазуучу Рюноскэ Акутагава Токиодо төрөлүп, 1927-жылы 24-июлда таңга маал өз жанын өзү кыйуу менен дүйнөдөн өткөн. Ушунча кыска өмүрдүн ичинде ал артыкча жаңычыл жазуучу, эссеист, таланттуу новеллист катары таанылган.
Ал анча жакыр эмес сүт сатуучунун үй-бүлөсүндө туулган. Рюноскэ он жашка чыккан мезгилде энеси өз өмүрүн өзү кыйган. Бул каргашалуу окуядан соң энесинин агаларынын бири Митиаки Акутагава аны асырап алып, келечектеги жазуучу анын фамилиясын алган. Орто кылымдын тарыхына, живописке, поэзияга болгон кызыгуу ушул үй-бүлөгө келгенден тарта башталган.
Рюноскэ 1913-жылы Токио университетинин филология факультетинин англис тили жана адабияты бөлүмүнө тапшырып, андагы чыгармачыл достору менен биргеликте "Синситё" ("Новое течение") адабий журналын чыгара баштаган. Ошол эле журналга анын алгачкы "Чал" аттуу чыгармасы жарык көргөн (1914).
Бирок, жазуучу катары "Жүз аарчы" аттуу новеллеасы менен белгилүү болгон. Андан кийин ал "Жалгыздыктын тозогу", "Бак", "Аял", "Рояль", "Расёмон дарбазасы", "Мандариндер", "Генерал", "Жылдын акыркы күнү" сымал мыкты чыгармаларды жараткан.
Ал жазуучу катары өз мектебин түзүп кетүүгө үлгүргөн. Японияда адабият тармагында Акутагава атындагы сыйлык уюштурулган. Бул сыйлык ар жыл сайын мыкты жаш жазуучуларга ыйгарылып турат.
Акутагаванын чыгармалары дүйнө элдеринин көптөгөн тилдерине которулган. "Караңгыдагы маек" чыгармасы 1926-жылы декабрда жазылып, автор өлгөндөн кийин жарык көргөн. Акутагаванын "Эргежээлдин экмети" аттуу белгилүү чыгармасын Алым Токтомушов, "Караңгыдагы маек" новелласын Сагын Акматбекова, ал эми "Сыйкырдын керемети", "Мандариндер" новеллаларын Назгүл Осмонова которгон.