1- Март 1963 -жылы
“Modern Talking” поп-тобунун солисти Томас Андерс туулган
“Modern Talking” поп-тобунун солисти Томас Андерс Германиядагы Мюнстермальдфельд аттуу кичинекей шаарчада төрөлгөн. Атасы бул шаардын мэри, апасы дүкөндө сатуучу болуп эмгектенген. 16 жаш курагында өзү жараткан биринчи ырынын артынан эле Томас Андерс деген псевдоним менен ырдап чыга баштаган. Жашоосундагы бурулушка 1983-жылы атактуу композитор Дитер Боленге жолукканда кезиккен. “Модерн Токинг” тобунун солисти болору менен эле атагы алыска тарап, дүйнө кыздарынын өздөрүн эмес, жүрөктөрүн сыздаткан ырчы катары таанылган. Кызганчаак аялы Норага бул нерсе жага бербей, анын бардык иштерине кийлигише баштаган. Мунун аягы топтун чачырашына алып келген. Чыгармачылыгындагы 11 жылдык үзгүлтүктөн кийин Дитер менен биргеликте кайрадан эле эски ат менен топту жандандырышкан. Бул убакта “эми сенин жылдызың өчтү, мен сени менен бактылуу боло албайм” деген Норанын сөздөрүнөн кийин ажырашып кетишкен. Кайрадан жумшаган эмгектеринин акыбети кайтып, 1998-жылдары жаңы ырлары менен Европа хит-параддарынын биринчи катарларынан орун алышкан. Жеке карьерасында Томас 7 альбом чыгарууга жетишкен. Бир топ жыл жалгыздык менен күрөшүп отуруп, Томас жашоосунда дагы бир сүйүүсү Клаудиа Хесске жолуккан. Клаудианын шоу-бизнеске эч кандай тиешеси болгон эмес.