2- Март 1933 -жылы Нью-Йоркто “Кинг Конг” тасмасынын премьерасы болуп өткөн
Нью-Йоркто “Кинг Конг” тасмасынын премьерасы болуп өткөн.
1930-жылдары эки жазуучу Мериан Купер менен Эдгар Уоллас ХХ кылымдын жаңы образын – Кинг Конгду жаратышкан. Таң калычтуу көлөмдөгү горилла тууралуу идея Уиллис О`Бра­йенге өтө жагып калат да, аны тасма кылып тарткан. Коркунучтуу, каардуу, бирок ошол эле убакта өтө мээримдүү горилла тез аранын ичинде эл арасында эң популярдуу кинообразга айланган. “Кинг Конг” 1933-жылдын мыкты фильмдеринин катарына кирип, көпкө чейин кинотеатр экрандарынан кеткен эмес.
Укмуштуу окуяны кайталап журнал комикстери, мультфильмдер, театралдык пьесалар чыга баштаган. Мериан Купердин тасмасын римейк кылып кайра жаратууга көптөгөн режиссёрлор чыгынган. 1933-жылы “Кинг Конгдун баласы”, 1967-жылы “Кинг Конгдун качуусу”, 1976-жылы “Жаңы Кинг Конг”, 1986-жылы “Кинг Конг тирүү” жана япон кинематографтары тарабынан “Кинг Конг Годзиллага каршы” деп арты-артынан тасмалар тартыла берген. Алардын ичинен 1976-жылы Жон Гиллермин аттуу режиссёр тарабынан тартылган “Кинг Конг” мыкты деп эсептелген. Бирок 2005-жылы “Кинг Конг” кайрадан экран бетине эми башка режиссёрдун варианты менен чыгып, мурунку тасмаларды тартылышы жагынан бир топ артта калтырган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан