2- Март 1938 -жылы
Советтик жана орусиялык модельер Вячеслав Зайцев туулган
Советтик жана орусиялык модельер Вячеслав Зайцев Орусиянын Иваново шаарында туулган. Ал 1962-жылы Москвадагы текстилдик институтту артыкчылык менен аяктаган. Алгач ал жумушчу аялдарга ылайык атайын кийимдин дизайнын ойлоп чыккан, бирок колдоо тапкан эмес. Ал эми атактуулукка көп жылдардан кийин гана жете алган.