10- Май 1503 -жылыХристофор Колумб Кайман аралдарын ачкан
Кайман аралдары Вест-Индияда жайгашкан жана Улуу Британиянын карамагында турган.
Ал өзүнчө Чоң Кайман, Кичи Кайман жана Кайман-Брак деп бөлүнөт. Аралдар Куба
менен Ямайканын ортосундагы Кариб деңизинен орун алган. Ал жерди байырлаган
элдин аты белгисиз бойдон калган, Колумб аталган аралдарды көргөн биринчи
европалык болуп калган. Алгач испаниялыктар "Лас-Тортугас" деп атап жүрүшкөн.
Кыргыз тилине аталышы “таш бакалар аралы” деп которулат. Кийинчерээк ал
аралдарда крокодилдер көп экени аныкталып, аралдардын аты өзгөртүлгөн.