4- Март 1954 -жылы
Советтик жана орусиялык ырчы, актёр, хореограф Борис Моисеев төрөлгөн
Советтик жана орусиялык ырчы, актёр, хореограф Борис Моисеев Беларусиянын Могилёв шаарындагы абакта төрөлгөн. Себеби апасы Геня Борисовна Моисеева саясий камактагылардын катарында болгон. Борис Моисеев мектепти аяктаган соң Минск шаарына кетип, ал жактан хореографиялык окуу жайга тапшырып, аны классикалык бийчи катары аяктаган. Ал эмгек жолун артист-бийчи катары баштап, кийин ырчы, актёр катары да белгилүү болгон.