28- Февраль 1901 -жылы
америкалык химик Лайнус Карл Полинг туулган
Америкалык химик, “Нобель” сыйлыгынын 2 жолку (химия боюнча жана тынчтык сыйлыгын алган) жана эл аралык ынтыкмакты бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Эл аралык Ленин сыйлыгынын ээси Лайнус Карл Полинг АКШнын Орегон штатындагы Портленд шаарында туулуп, 1994-жылы 19-августта 93 жашында АКШнын Калифорния штатындагы Биг-Сур шаарында көз жумган.