8- Март 1925 -жылы
Караколдо Кыргыз өлкөсүндөгү биринчи аялдар клубу уюштурулган
Кыргыз өлкөсүнүн биринчи аялдар клубу Каракол округундагы Талды-Суу айылында уюштурулган. Клубда мектеп, медициналык кеңеш иштеп, делегат аялдар менен кызматташып, аларды клуб ишмердигине тартуу аракети башталган. Жергиликтүү кыргыз кыз-келиндер драмалык ийрим ачышып, элдик кол өнөрчүлүктү аркалап жүргөн уздар үчүн атайын артель уюштурулган. Талды-Суудагы клуб аялдардын башын коштуруп эле тим болбостон, жергиликтүү дыйкандарга практикалык жардам көрсөтүп да турган.