9- Март 1934 -жылы Туңгуч космонавт Юрий Гагарин туулган
Туңгуч космонавт Юрий Гагарин Смоленск областынын Гжатск районунун Клушино деген айылында туулган. 1951-жылы Люберцы шаарында кесипчилик окуу жайын,1955-жылы Саратов курулуш техникумун жана ошол эле шаардагы аэроклубдун курсун бүткөндөн кийин Чкалов атындагы аскер авиациялык окуу жайынан (1955-1957-жж.) окуган. Кийин Кызыл Туулуу Түндүк флотунун авиациялык бөлүктөрүндө кызмат кылган .Тайманбас, таланттуу учкуч катары 1960-жылы космонавттар отрядына кабыл алынат. Юрий Гагарин 1961-жылы космодромго келип, ракетаны ааламга алып чыгуучу жабдуулар жана "Восток" космос корабли жасалган заводунда, космодромдо толук сыноодон өтөт. Башкы констуктор С.П.Королев учууну 12-апрелде (Москва убактысы боюнка 9 саат 7 минутада) бекитүү жөнүндө мамлекеттик комиссиядан өтүнгөн. Комиссия "Восток" космос кораблинде биринчи болуп ага лейтенант Юрий Гагарин уча турганын жарыялаган. Ошентип ал күнү Юрий Гагарин космоско учуп, туңгуч космонавт катары адамзат тарыхында калган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан