10- Март 2010 -жылы Нарында 5 миңге жакын эл жылуулук жана электр кубатынын тарифтеринин кымбатташына каршы митингге чыгышкан
Нарында 5 миңге жакын эл жылуулук жана электр кубатынын тарифтеринин кымбатташына каршы митингге чыгышкан.
Митингге Бишкектен Р.Отунбаева, Т.Тургуналиев, А.Шыкмаматов, Т.Сариев жана акыйкатчы Турсунбек Акун барышкан. Митингдин аягында чогулган эл президент Курманбек Бакиевге 10 талаптан турган кайрылуу жолдошкон. Кайрылууда, негизинен, "электр жана жылуулукка болгон тарифтер мурунку абалына келтирилсин, тоо-кендери сатылбасын, Исмаил Исаков боштондукка чыгарылсын, “Түндүк электро” жана “Кыргызтелеком” кайрадан мамлекеттин менчигине кайтарылсын, Нарын элине берилген 110 кВттык жеңилдиктер калтырылсын, Балыкчы жана Петровка окуясы боюнча камактагылар бошотулсун" деген сыяктуу талаптарды коюшкан. Алар талаптар 16-мартка чейин орундатылбаса, 17-марттан тарта “президент жана өкмөт бийликтен кетсин!” деген талап менен Бишкекке карай жөө жүрүшкө чыгышарын билдиришкен.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан