10- Март 1936 -жылы ФИФАнын 8-президенти Йозеф Блаттер туулган
Германиялык футбол сүйүүчү, спорт журналисти, ФИФАнын сегизинчи президенти Йозеф Блаттер Швейцариянын Фисп шаарында туулган.
Ал 1956-жылы Лозанна университетиндеги юридикалык факультетти аяктап, Швейцариядагы спорт журналисттеринин ассоциациясынын мүчөсү болгон. 1964-жылы Йозеф Блаттер Швейцариядагы хоккейчилер ассоциациясынын генералдык катчысы болсо, 1972-жылы Мюнхенде өтүүчү Олимпиадалык оюндарга даярданууга жооптуу адамдардын бири болгон. Ал эми 1975-жылы ФИФАнын техникалык директору болуп, 1981-жылы анын генералдык катчысы болуп дайындалган. 1998-жылы болсо Йозеф Блаттер ФИФАнын президенттигине ат салышып, жеңип чыккан.
2015-жылы 29-майда Йозеф Блаттер Эл аралык футбол федерациясынын президенти болуп 5-мөөнөткө шайланып, ал эми 2-июнда кызматтан кете турганын жар салган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан