10- Март 1958 -жылы америкалык актриса жана модель Шэрон Стоун туулган
Америкалык актриса жана модель Шэрон Стоун АКШнын Пенсильвания штатындагы Мидвилл аттуу жеринде туулуп-өскөн. 1975-жылы орто мектепти аяктап, институтка тапшырган. Бирок ага катар эле сулуулар сынагына катышып, моделдик агенттиктерден чакыруу алып, Париж, Миланды көздөй сапар алган. Моделдик карьерасын соңуна чыккан соң Нью-Йоркко көчүп келип, тасмаларда эпизоддук ролдорду жарата баштаган. Кийин "Непримиримые противоречия", "Копи царя Соломона", "Над законом", "Вспомнить всё", "Специалист" тасмаларына тартылган. Ал эми "Казино" тасмасындагы ролу үчүн "Алтын глобуска" ээ болуп, "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлгөн.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан