11- Март 2003 -жылы
Ташкентте кыргыз-өзбек чек арасынын талаш маселелери боюнча эки өлкөнүн өкмөт аралык кезектеги жыйыны башталган
Ташкентте кыргыз-өзбек чек арасынын талаш маселелери боюнча эки өлкөнүн өкмөт аралык кезектеги жыйыны башталган.
Кыргыз делегациясын Кыргызстандын Евразия Экономикалык Шериктештигиндеги вице-премьер-министр даражасындагы өкүлү Базарбай Мамбетов жетектеп, эки тараптуу комиссия ортодогу 1492 чакырымга созулган чек ара тилкесининин 22 чакырымы боюнча макулдашууга жетишкен.
Сүйлөшүү жыйынтыгында Өзбекстан аймагындагы Кыргызстанга караштуу Барак кыштагы менен каттам кайра калыбына келтирилген. Мындан тышкары өкмөт аралык комиссия чек арадагы текшерип-өткөрүүчү бекеттер боюнча макулдашуунун долбоорун даярдоого макулдашышкан.