26- Февраль 1914 -жылы
орус географы жана коомдук ишмер Пётр Семёнов-Тян-Шанский көз жумган
Орус географы жана коомдук ишмер Пётр Семёнов-Тян-Шанский 87 жаш курагында көз жумган.
Пётр Семёнов-Тян-Шанский 1827-жылы 14-январда туулган. Ал Петербург ИАнын ардактуу мүчөсү (1873), кийин орус география коомунун вице-төрагасы (1873-1914) болгон. Петербург университетинин табият таануу бөлүмүн бүткөн (1848). 1856-1857-жылы Теңир-Тоого саякат жасап, анын орографиялык схемасын түзүп, Сары-Жаз суусунун башындагы ири мөңгүлөрдү изилдеген. Теңир-Тоо аймагынын илимий изилдөөсүнүн 50 жылдыгына байланыштуу анын фамилиясына Тян-Шанский деген кошумча ат берилген.