6- Март 1967 -жылы ырчы Алтынай Нарбаева туулган
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева Абдуллаевна Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь айылында туулган. Жалал-Абад шаарындагы Маданият техникумун жана И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетин музыка мугалими боюнча аяктаган. 1993-жылдан тартып Бишкек шаарындагы Т.Үмөталиев атындагы №69-мектеп гимназиясында музыка мугалими болуп эмгектенип келет. "Ысык-Ата Арашан" фольклор элдик ансамблинде жана Бишкек мэриясынын алдындагы уюшулган оркестрдин солисткасы. Сахнага алгач К.Артыковдун "Барам сага" аттуу ыры менен чыккан. 2008-жылы май айында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артистти наамын алган. Ал эми 2013-жылы "Супер-Инфо" гезитинин версиясы боюнча "Жылдын жаңырыгы" деп табылган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан