8- Март 2011 -жылы
президент Роза Отунбаевага АКШнын Вашингтон шаарында “Эрдиги үчүн” сыйлыгы тапшырылган
Президент Роза Отунбаевага АКШнын Мамлекеттик департаменти "Эрдиги үчүн" эл аралык аялдар сыйлыгын тапшырган. Сыйлыкты АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон тапшырса, бул аземге биринчи айым Мишель Обама да катышкан. Сыйлыкты кабыл алган Роза Отунбаева “бул бардык кыргызстандык аялдардын эмгеги” деп билдирген.