6- Март 1964 -жылы
Бокс боюнча дүйнөнүн чемпиону Кассиус Клей Ислам динин кабыл алып, өзүн Мухаммед Али деп атаган
Бокс боюнча дүйнөнүн чемпиону Кассиус Клей Ислам динин кабыл алып, өзүн Мухаммед Али деп атаган.
Олимпиада чемпиону (1960), профессионалдар арасында 3 жолку Дүйнө чемпиону аталган америкалык мушкер Мухаммед Али 1942-жылы 17-январда АКШнын Кентукки штатындагы Луисвилл шаарында төрөлгөн.
Тарыхтагы эң улуу мушкерлердин бири катары таанылган Мухаммед Али атамзамандан берки эң улуу боксёр, дүйнөдөгү эң таанымал кишилердин бири.
1981-жылы бокстан биротоло кеткенден кийин Мухаммед Али коомдук маселелер менен алек боло баштаган.
Легендага айланган Мухаммед Али капыстан Паркинсон илдетине кабылгандыгы аныкталган. Эл арасында бул ооруну калтырак паралич же шал деп айтышат. Бул ооруга кабылган адамдардын жүзү жансыз бет кап сымал болуп, басуусу оорлошуп, үнү акырын жана монотондуу болуп калат. Адатта бул оору адамдарга улгайган курагында келсе, Али 40 жашка чыга элегинде кабылган. Али дарыгерлер диагноз койгондон кийин дагы 2 жолу профессионалдык беттеш өткөрүүгө жетишкен. Бирок экөөндө тең жеңилип, чоң спортту таштоого аргасыз болгон. Ал бул ооруга кабылып калса дагы, 1996-жылы Атлантада өткөн Олимпиада оюндарынын отун жаккан.