6- Март 1969 -жылы орусиялык ырчы Татьяна Буланова төрөлгөн
Орусиянын Эмгек сиңирген артисти, поп ырчы Татьяна Буланова Санкт-Петербург шаарында төрөлгөн. Белгилей кетсек, ырчы 90-жылдарда атактуулуктун туу чокусуна жетише алган. Чыгармачылык жолун мекепте окуп жүргөндө баштаган. Алгач көркөм гимнастика менен машыгып, музыкага болгон кызыгуусунан улам 9 жашында фортепианодо ойноону үйрөнөт. Кийин гитарада кол ойнотууну өздөштүргөн. 1989-жылдын декабрь айынан баштап "Летний Сад" тобу менен ырдай баштаган. 7 жылдан соң аталган топтон чыгып, жеке ырчылык менен алектенүүнү чечип, "Менин орус жүрөгүм" деген аталыштагы алгачкы жыйнагын чыгарган. Мындан тышкары "Сынган чырактардын көчөсү", "Бандиттик Петербург" сыяктуу популярдуу орус сериалдарына ырларды жаздырып, бул тасмаларда роль жаратууга дагы жетишкен.

2004-жылы Орусиянын Эмгек сиңирген артисти наамын, ошондой эле эки ирет Орусиянын улуттук "Овация" сыйлыгына ээ болгон. 2014-жылдан баштап орустардын "Точь-в-точь" телешоусуна катышкан. Ырчы телевидение тармагына дагы аралашып, бир нече көрсөтүүлөрдү алып барган.

Жеке жашоосу

Т.Буланова "Летний Сад" тобунун жетекчиси Николай Тагринне турмушка чыгып, экөө 13 жыл бирге жашап, Александр аттуу уулдуу болушкан. 2005-жылы футболчу, Орусиянын курама командасынын мурдагы мүчөсү Владислав Радимов менен никеге туруп, 2 жылдан кийин Никита аттуу уулдуу болгон. Ал эми 2016-жылдын декабрь айында ырчы жолдошу менен ажырашып кеткендиги тууралуу журналисттерге кабарлаган.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан