9- Март 1959 -жылы Барби куурчактары сатыкка чыга баштаган
Нью-Йоркто оюнчуктар жарманкесинде "Барби" куурчагы көрсөтүлгөн. Барбинин жаратуучусу "Mattel" оюнчук чыгаруучу фирмасынын башчысынын аялы Рут Хэндлер болгон. Ал кызы Барбара курбулары менен кагазга кыздын сүрөтүн тартып, аны кесип, ага кагаздан жазалган кийимдерди кийгизип ойноп жатканын көргөн. Ошондон улам Рутта куурчак чыгаруу идеясы пайда болгон. 
Алгач Барбиге чейин немис гезитиндеги комикстердеги башкы каарман - Билд Лиллинин образынан алынган Лилли аттуу куурчак 1955-жылы чыккан. Андан соң Рут инженер Жек Райан менен биргеликте Лиллини өзгөртүп, кызынын атынан "Барби" деп чыгара башташкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан