Композитор 300дөн ашык ырдын автору. Алардын арасында "Бир ирмем гана бар" (Есть только миг), "Балалык кайда барат" (Куда уходит детство), "Эгер мен султан болсом" (Если б я был султан), "Жаштыктын маршы" (Марш юности) сыяктуу белгилүү ырлар бар.
Жеке жашоосу
А.Зацепин 4 ирет никеге турган. Учурда жалгыз. Экинчи никесинен Елена аттуу кызы бар. Биринчи жубайынан Евгений деген уулдуу болуп, бирок ал 24 жашында каза болуп калган. 90-жылдары композитор Париж шаарында жашаган. Учурда Москвада жашап, Парижге эс алуу үчүн гана барып турат.