Пишпек Элдик депутаттар кеңешинин Аткаруу комитети Беловодск козголоңунда курман болгон контрреволюционерлердин үй-бүлө мүчөлөрүн куугунтуктоого тыюу салган чечим чыгарган. Кеңешчилердин чечиминде контрреволюционерлер үчүн алардын балдары жана аялдары жооп бербеш керектиги көрсөтүлгөн.