Он жыл бою дүйнөнүн үшүн алып турган террорчу, шейх Усама бен Ладен Сауд Арабиянын Жидда шаарында туулган. Анын толук аты-жөнү Усама бен Мухаммад бен Авад бен Ладен. Анын атасы ири курулуш тармагынын магнаты, өтө бай адамдардын бири болгон. Усама бен Ладен атасынан 250 миллион доллар мурас алган.