11- Март 2011 -жылы
Япониянын чыгыш жээгинде күчү 8,5 баллга жеткен жер силкинүү болуп өткөн
Япониянын чыгыш жээгинде күчү 8,5 баллга жеткен жер силкинүү болуп өткөн. Жер титирөөнүн очогу Мияги префектурасынан 130 чакырым алыстыкта орун алган. Зилзаланын натыйжасында толкуган океан суусу жээктеги шаарларды жууп кеткен. 11-марттагы цунаминин бийиктиги 10 метрге чейин жетип, миңдеген үй жана имараттарды талкалаган. Бул окуя "өлкөнүн тарыхындагы эң көп зыян алып келген" деп таанылган.
Зилзаланын кесепетинен “Фукусима-1” атомдук электр станциясында жарылуу болгон. Андан улам радиациянын айлана-чөйрөгө таралышы чоң коркунуч туудуруп, бул аймакта жашаган калк башка жакка көчүрүлгөн.
11-мартта башталган жер титирөө, артынан келген цунами 16 миңге жакын адамдын өмүрүн алып кеткен.