23- Март 1935 -жылы Кыргыз жазуучусу, драматург Мар Байжиев туулган
Кыргыз жазуучусу, драматург Мар Байжиев Жалал-Абад шаарында туулган. Ата-теги көлдүн Ак-Суу районунан болгон. КМУнун филология факультетинин орус тили жана адабият бөлүмүн, кийин Москвада Жогорку сценариялык курста окуган. "Кыргызфильм" студиясында кабарчы, сценария бөлүмүндө ага редактор, маданият министрлигинде башкы редактор, "Литературная газета" гезитине Кыргызстан боюнча кабарчы, В.И.Ленин атындагы балдар фондусунун Кыргыз бөлүмүндө төрага болуп иштеген. 1961-жылы анын "Каракурт" деген сатиралык ангемелерден турган жыйнагы жарык көргөн. Кийин ал биротоло драматургия жанрына өткөн. "Эрге жеткендер", "Дуэль", "Биз - эркектер", "Ар бир үйдө майрам", "Күйөө жана колукту", "Байыркы жомок", "Алтынчы күнү кечинде", "Акыркы рейс" пьесалары жазылып, СССРдин жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө ийгилик менен коюлган. Кинодраматургияда да жемиштүү иштеп келген. Анын жазган сценарийлери боюнча "Кыргызфильм", "Өзбекфильм", "Казакфильм" студияларында көркөм фильмдер тартылган. Анын ангемелеринин мотиви менен СССРдин башка аймактарында кыскаметраждуу көркөм фильмдер тартылган. Кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын орус тилине которгон. Мар Байжиев Кыргыз Республикасынын искусствосуна Эмгек сиңирген ишмер.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан