АКШнын 9-президенти Уильям Гаррисондун небереси, “Америка америкалыктар үчүн” принцибине таянган АКШнын 23-президенти Бенжамин Гаррисон 1901-жылы февраль айында грипп болуп ооруп калган. Абалы күндөн күнгө оорлошуп отуруп, пневмония оорусу күчөп кетип, 1901-жылы 13-мартта өзүнүн үйундө 67 жашында көз жумган.