21- Март 1915 -жылы
Кыргыздын улуу акыны, драматург жана котормочу Алыкул Осмонов туулган
Кыргыздын улуу акыны, драматург жана котормочу Алыкул Осмонов Панфилов районунун, Каптал-Арык айылында туулган. Кыргыз элинин алгачкы жазма акындарынын эң ири өкүлдөрүнүн бири. Жаштайынан томолок жетим калып, Токмоктогу балдар үйүндө тарбияланган. Бишкектеги педтехникумда окуп, кийин "Жаш Ленинчил" гезитинде "Чабуул" журналында иштеген. Анын 15 жашында жазылган "Кызыл жүк" аттуу эң алгачкы ыры гезит бетине басылган. Кийин акындын бир нече ырлар жыйнагы басмадан жарык көргөн. Анын оригиналдуу акындык жүзү 1945-жылы чыккан "Махабат" аттуу жыйнагынан таасын көрүнгөн. Акындын поэтикалык жениши менен эстетикалык принциптери "Жаңы ырлар", "Менин жерим — ырдын жери", "Ата журт" жыйнактарында дагы бекемделген. Бул жыйнактар кыргыз поэзиясын мурда болбогон реалисттик жаны табылгалар, терең философиялык мазмун менен байыткан. Кыргыз фольклоруна кайрылып, аларды кайрадан иштеп чыгуу боюнча да көп эмгектенген. Балдар адабиятына кошкон салымы чоң. Мыкты котормочу экендигин да көрсөтүп, Пушкиндин "Евгений Онегинин", Крыловдун тамсилдерин, Шекспирдин "Он экинчи түн", "Отелло" трагедиясын, Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатырын" ж. б. авторлордун ырларын кыргыз тилине которгон. Бир нече драмаларды жараткан. Кийин Алыкул Осмонов көптөгөн ырларына обондор жаралды. Улуу акын "Ардак Белгиси" ордени менен сыйланган. Алыкул Осмонов 1950-жылы 12-декабрда 36 жашка караган курагында оорудан улам көз жумган.