Атактуу тыңчы Бонддун образын жараткандардын бири, англиялык актёр Тимоти Далтон Улуу Британиянын Уэльс аймагындагы Колуин-Бэй шаарында туулган. 1964-жылы Тимоти Далтон мектепти аяктап, 18 жашынан баштап театрда иштей баштаган. 3 жыл катары менен Улуттук жаштар театрында негизги актёр болуп, андан соң Бирмингем театрында иштей баштаган. Ал эми эң алгачкы тасмадагы ролу "Арстан кышында" ("Лев зимой") тасмасында болгон.