Кыргызстандагы чоң чырдын башын баштаган 2005-жылкы парламенттик шайлоодон тандалган 59 депутат бул күнү Жогорку Кеңештин биринчи жыйынына чогулушкан. Жогорку Кеңеш депутаттары күбөлүк алышып, депутаттык ант беришкен. Парламент жыйынында саясий абалга байланыштуу Кыргызстан калкына кайрылуу, өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизүү, жагдайды иликтөө үчүн депутаттык комиссия уюштуруу туурасында токтом кабыл алынган.