
Советтик жана орусиялык атактуу ырчы, СССРдин Эмгек сиңирген жана Эл артисти деген наамдарга татыктуу болгон Валентина Толкунова дүйнөдөн кайткан.
Валентина Толкунова Краснодар крайынын Армавир шаарында 1946-жылы 12-июлда туулган. Валентина бир жашка чыкканда ата-энеси Москвага көчүп келишкен. Музыкага кызыгуусу балалык чагынан эле башталган. Мектепте окуп жүргөн кезде, алгач балдар хорунда, кийнчерээк темир жолчулардын борбордук үйүнүн ансамблинде ырдай баштаган. Ал эми бой жеткен соң ал Москва мамлекеттик искусство институтунун дирижёр-хордук бөлүмүнө тапшырган. Окуу жайда билим алып жаткан учурда вокалдык-инструменталдык оркестрде (ВИО) сынактан өтүп, ошол жерде джаз инструменталдык музыкасында ырдаган жана солист-вокалист катары 5 жыл бою эмгектенген. В.Толкунованын популярдуулугу алгач Лев Ошаниндин чыгармачылык кечесинде Владимир Шаинскийдин "Ах, Наташа" аттуу ырын ырдап чыккандан башталат. Ошентип жылдан-жылга чыгармачылыктын үстүндө талыкпай эмгектенген Валентина бир топ ийгиликтерге жетише алган. Элге жаккан "Кичинекей станцияда турам", "Күмүш той", "Апа мени менен сүйлөш", "Кетирекей мурундуу", "Мурда кайда элең", "Эски сөздөр", "Сүйүктүүм, эгерде согуш болбогондо", "Ар дайым ыр", "Мен айылдыкмын", " Биз кайыкта сүздүк" жана башка көптөгөн ырлары болгон. Ошондой эле музыкалык фильмдерде жана театрдык спектаклдерде 300дөн ашуун ырларды ырдап чыкканга да жетишкен. Талыкпаган чыгармачылыктагы эмгеги аны атактуулукка алып келген жана көптөгөн мамлекеттик, коомдук сыйлыктарга ээ болгон. Ийгилик коштогон ырчы жыйырма үч жолу "Жылдын ыры" телесынагынын лауреаттыгына татыктуу болгон. Валентина ал гана эмес, балдар үчүн мультфильмдерде да ырдаган. "Портто", "Простоквашинодо кыш" мультфильминде, "Эгер кыш болбосо" ыры, ошондой эле "Түнүңөр бейпил болсун, бөбөктөр" көрсөтүүсүндө, "Чарчаган оюнчуктар уктап жатышат" ырлары.
Валентина Толкунова Белорусиядагы Могилёвдун концертинен кийин тактап айтканда, 2010-жылдын 16-февралында реанимацияга оор абалында келип түшкөн. Бирок көп өтпөй, мээсинен рак диагнозу менен айыккыс ооруга чалдыгып, бул дүйнө менен кош айтышкан.