25- Март 2005 -жылы
Бишкекте соода борборлорун массалык тоноо орун алган
Кыргызстандагы бийлик алмашкандан кийин 2005-жылдын 24-мартынан 25-мартка караган түнү Бишкек шаарында талоончулук орун алган. Борбордогу өкмөт үйүнөн башталган талоончулук түнкү каракчылык менен уланган. Бишкектеги айрым дүкөндөрү тонолуп, кээ бири түбү менен өрттөлгөн. Мындан улам өлкөнүн экономикасына 100 миллион АКШ долларынан ашуун суммада зыян келтирилген. Биринчи кезекте, ири соода борборлордун ээлери жана ижарачылар жапа чегишкен. Ал кездеги жаңы кыргыз бийлиги укук коргоо органдарынын жана элдик кошуундардын жардамы менен банктарды жана стратегиялык объекттердин тонолуусун алдын алган. Мародёрчулукка катышкандардын айрымдары кармалып, келтирген чыгымдарын төлөп беришкен.