25- Март 1976 -жылы
украиналык мушкер Владимир Кличко туулган
Бокс сүйүүчүлөр арасында Олимпиада чемпиону (1996), профессионалдар арасында WBC версиясы боюнча Дүйнөнүн чемпиондук курунун ээси украиналык мушкер Владимир Кличко Казакстандын Семипалатинск шаарында төрөлгөн.
Атасы Владимир Родионович аскер кызматкери, апасы Надежда Ульяновна мугалим болгон. Өзү дарыгер болом деген кыялына жетпей калган.
Владимир бокс менен 1990-жылы машыгып баштаган. 2 жылдан соң агасы менен рингде беттешип, бутун сындырып алган. Аны жашыруу үчүн машыктыруучусу аларды Крымга машыгуу сборуна алып кеткен.
"Атланта-1996" Олимпиадасына катышар алдында агасы Виталийге "допинг колдонду" деген айып тагылып, анын ордуна Украинанын желегин көтөрүп Владимир чыккан. Ал финалдык беттештин 3-раундунда 6 упай алып, чемпион болгон (жалпы эсеп – 7:4).
Белгилүү америкалык промоутер Дон Кинг Олимпиададан кийин Кличколорго жолугуп, профессионалдык келишим сунуштаган. Акчаны сүйгөн Дондон айырмаланган германиялык промоутер Клаус Питер-Коль жаш мушкердин талантына кызыгып, бокско алып келген.
2001-жылы Владимир дене тарбия жана спорт тармагында диссертациясын жактап, илимдин кандидаты болгон.
2014-жылы 26-апрелден 27-апрелге караган түнү украиналык
мушкер, WBA,
IBF жана WBO версиялары боюнча Дүйнө чемпиону Владимир
Кличко австралиялык Алекс
Леапаини утуп, чемпиондук наамдарын сактап
кала алган.