Мамлекеттик телерадиокомпанияны коомдук башкарууга өткөрүү тууралуу президенттин указы чыккан. Анда президент Курманбек Бакиев Мамлекеттик телерадиокомпанияны Улуттук телерадиокорпорациясы кылып өзгөрткөн. Кол коюлган жарлыкка ылайык УТРКнын жогорку башкаруу органы – Байкоочу Кеңешти түзүү, анын негизинде жобону бекитүү Жогорку Кеңешке тапшырылган. МТРКны коомдук башкарууга өткөрүү - оппозициянын буга чейин президентке коюп келген негизги талаптарынын бири болгон.