28- Май 2008 -жылы
Кинорежиссёр, жазуучу жана коомдук ишмер Дооронбек Садырбаев каза болгон
Кинорежиссёр, жазуучу жана коомдук ишмер Дооронбек Садырбаев 69 жашында оорунун айынан Бишкек шаарында каза тапкан. Сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.
Дооронбек Садырбаев Кыргыз өлкөсүнүн түштүгүндө, азыркы Жалал-Абат облусунун Ноокен районундагы Апыртан айылында (мурдагы "Бирлик" колхозунда)1939-жылы 13-февралда туулган.
Атасы Бирлик колхозунун төрагасы болгон. Ал он төрткө чыкканда атасы 45 жашында оорудан каза болгон. Дооронбек Садырбаев ошол айылда 7-класска чейин окуган. 7-классты бүткөндөн кийин райондун борборундагы №1 орто мектебине кирип, 1957-жылы орто мектепти аяктаган.
Ленинграддагы Театр, музыка жана кинематография институтун бүтүргөн. Дооронбек Садырбаев 70тен ашуун даректүү тасмалардын, “Арман”, “Махабат дастаны”, “Эне бөрүнүн ыйы” өңдүү 16 көркөм тасманын автору. Дооронбек Садырбаевдин 8 көркөм жыйнагы жана 700дөн ашык публицистикалык макалалары жарык көргөн. Дооронбек Садырбаев чыгармачыл адам катары гана эмес, саясатчы катары да таанылган. Ал Жогорку Кеңештин депутаты болуп, кыргыз эли башынан өткөргөн Үркүн жана Ош окуялары боюнча тасма тарткан.