27- Март 1925 -жылы
Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун тарыхый I съезди болуп, Аткаруу комитетинин төрагалыгына Абдыкадыр Орозбеков шайланган
Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун тарыхый I съезди болуп, Аткаруу комитетинин төрагалыгына Абдыкадыр Орозбеков шайланган. Курултайга облус аймагынан 135 делегат чакырылып, алардын 81 кыргыз, 29 орус, калгандары башка калктардын өкүлдөрү болушкан.
Облустук кеңештин уюштуруу курултайында "Кара-Кыргыз автоном облусунун жобосу" талкууга алынып, делегаттар Автономиялык уюмдашуунун башкаруу бийлик түзүлүшүнө өзгөртүү киргизүү үчүн пикир алмашышкан.
Облустук жобону, тактап айтканда, Конституцияны иштеп чыгуу үчүн курамында Айдарбеков, Абдрахманов, Каменский, Султанаев жана Кизин турган атайын комиссия уюшулган. Атайын уюшулган комиссияга, Кара-Кыргыз автоном облусу деген аталыштан "Кара" сөзүн алып, расмий түрдө өлкөнүн Кыргыз автоном облусу деп жазылсын деген чечим чыгарылган.