27- Март 1963 -жылы
америкалык кинорежиссёр, сценарист, актёр, кинопродюсер жана кинооператор Квентин Тарантино төрөлгөн
Америкалык кинорежиссёр, сценарист, актёр, кинопродюсер жана кинооператор Квентин Тарантино АКШнын Теннеси штатындагы Ноксвилл шаарында туулган. Тарантинону 2 жашынан тартып өгөй атасы тарбиялаган. 8 жашынан баштап бир дагы кинону калтырбай көрүп, кинотеатрдан чыкчу эмес. 15 жашында мектепти таштап, өзү “Бейиш” деп атаган жергиликтүү телеканалдын видеоархивине жумушка орношот. Андан соң Голливудга барат. Бирок режиссёр катары эмес тасма талааларын тазалоочу катары. Кийинчерээк сценарий жазып сатып, акчасына аз бюджеттүү “Кутурган иттер” тасмасын чыгарган соң Тарантино өзүн "режиссёрмун" деп эсептей баштаган.
Квентин Тарантинонун эң көрүнүктүү эмгектери “Кутурган иттер”, “Биллди өлтүрүү”, “9-ярд”, “Күн баткандан таң атканга чейин” ж.б.