27- Март 1968 -жылы Планетанын туңгуч космонавты Юрий Гагарин авиакырсыктан каза болгон
Авиакырсыкта планетанын туңгуч космонавты Юрий Гагарин каза болгон. Ал күнү эртең мененки 10дон 19 мүнөт өткөндө "МиГ-15" абага (4200 м бийиктикке) көтөрүлгөн. Анда Ю.Гагарин менен командир, учкуч-инструктор В.Серегин учкан. Учак эки жолу жарым сааттан айланып учмак. Бирок 11 минутадан кийин эле Юрий Гагарин "тапшырма аткарылды, конууга уруксат бергиле" деп, артка кайткан. Бирок ошол жерден эле түз жерди карай катуу ылдамдык менен келип (685 км/мин), жерге урунган.
Учак кулагандан кийин дароо аскердик иликтөө башталып, аймак тосулуп, жашыруун иликтөө башталган. Көпчүлүк издөөчүлөр эмнени издеп жатканын билишкен да эмес. Аларга металл жана айнек сыныктарынын баарын чогулткула деген буйрук берилген.
Иликтөөнүн жыйынтыгы биринчи жолу 1987-жылы жарык көрө баштаган.
Анда "агрегаттар менен жабдыктар бузулган эмес", "өрт, жарылуу болгон эмес", "кыймылдаткыч иштеп турган", "ток жетиштүү болгон", "кычкылтек системи жайында болгон..." деген аныктамалар көрсөтүлгөн.
Адистер учактын сыныктарынын 95%ын чогултушкан (буга чейин 60%ы гана эптеп чогултулчу). Табылган бардык тетик кайра-кайра кылдат текшерилип, жыйынтык чыгарышкан. Мунун расмий түшүндүрмөсү: учак 300 м булуттуу шартта айланмага кабылып, кырсыкка учурап, түздөнүүгө жетишпей, Новоселево айылына жакын жерде жерге келип урунган.
Бирок В.Сурков деген күбөнүн айтуусунда ал учурда күн чайыттай ачык болгон, учак болсо түздөнгөнгө эч кандай аракеттерди көрбөй эле түз учуп келип жерге урунган. Учактын сыныктары Новоселоводо эмес, Рязанцы айылына жакын жерден табылган.
Дагы башка күбөлөрдүн айтуусунда эки жолу жарылуу болгон, бири асманда, бири учак жерге түшкөндө. Учак асманда эле жарылып кеткен. Бул диверсия деген варианттар да айтылып келген.
Айрым маалыматтар боюнча Ю.Гагарин учуп жүргөн аймакта сол жакта 3000 м бийиктикте дагы бир "МиГ", 7000 м бийиктикте эки "МиГ", түндүк тарапта дагы бир "МиГ" учактары учуп жүргөн. Ал эми асты жакта 1000 м бийиктикте парашютисттер даярдык өткөрүп жатышкан, үстү жакта болсо "Су" учагы учуп бараткан.
Учак айланмага кабылгандан кийин мындай кыйчалыш учурда заматта артка бурулам деп, бирок толук бурула албай ылдыйга кете баштаган. Аскердик изилдөөчүлөр учак чукул бурулуу учурунда айланмага кирип кетиши мүмкүн эмес дешет. Ал сөзсүз бир нерсе менен кагылышкан болушу мүмкүн. Бирок учактын калдыктарын изилдөөдө анын эч нерсе менен кагылышпагандыгы анык болгон. Анда эмне болгон?
Учакка "кара ящик" орнотулган эмес. Маалыматтарды жазып туруучу борт прибору бароспидографка ошол күнү кагаз салынган эмес экен, ал эми жердеги радиорелелик байланыш ошол күнү профилактикалык иштер үчүн өчүрүлгөн.
Айланадагы иштеп жаткан колхозчулардын айтымында ошол бийиктикте "Су" учагы пайда болуп, ал дароо булутка кирип, өйдөгө көтөрүлүп кеткен. Кырсыкты изилдеген учкуч-космонавт А.Леоневдин пикиринде "Сунун" капыстан пайда боло калышы Гагариндерди түйшүккө салып, натыйжада учак кагылышуудан качам деп, кулап кеткен. Ал эми аэродромдун жетекчилиги "Су" 10-11 км бийиктикте болгон дешет. Бирок алар "Су" эмне кылганын, эмне болгонун, учкучу ким экенин айтпай коюшкан. Демек, атайын жасалганбы?
Ошол эле учурда "МиГ" метеорологиялык зонд менен кагышып кеткен деген да версиялар айтылган. Бирок ал күнү бир да зонд учурулган эмес, учак кулаган аймактан зонддун калдыктары табылган эмес. Куш менен кагылышы мүмкүнбү? Кырсык болгон аймактан бир куштун өлүгү табылган. Бул үчүн атайын орнитологдор чакырылган. Бирок ал куш көп болсо 100 м бийиктикке чейин көтөрүлө алат экен.
Кийинки изилдөөлөр көрсөткөндөй, учак акыркы ирмемге чейин жакшы абалда болгон, учкучтар катапульта жасоого аракет да кылган эмес. Муну Юрий Гагарин акыркы убакка чейин учакты кондурууга аракет жасаган деп түшүндүрүшкөн. Себеби учактын рулу өйдөгө көтөрүлгөн калыпта табылган.
Генерал Н.Кузнецовдун пикири боюнча В.Серегин акыркы учурларда бир аз ооруп жүргөн, учак айланмага кирип кеткенде анын абалы начарлап, өзүн жоготуп коюшу мүмкүн. Ю.Гагарин анын өмүрүн сактап калам деп, тапшырманы шашылыш бүтүрүп, учакты кондурууга аракет жасаган болуусу керек.
Бирок бут кийимдердин калдыгын изилдөө акыркы убакта учакты Ю.Гагарин эмес, В.Серегин башкарганын көрсөткөн.
Дагы бир версиялар боюнча, учактын түз эле келип урунушуна караганда, учкучтар учакты башкарган эмес.
Бир топ изилдөөлөр учак айланмага кабылып, башкарууга мүмкүн болбой калгандыктан жерге кулаган деп жыйынтык чыгарышкан. Бирок "МиГ" оңой менен айланмага кабылбайт жана андан чыгып кетүү мүмкүн болгон. Ал эми булуттун айынан айланмага кабылышы таптакыр мүмкүн эмес деген космонавт Г.Титов.
Учкучтардын боорунан "коркунуч гормону" табылган эмес. Демек, алар кырсыкка кабылганын билишкен эмес же эс-учун жоготуп коюшкан.
В.Серегиндин кабинасынын вентиляция краны жабык болгон, Ю.Гагариндики 48 градуска ачык болгон (5,28 см кв). Учкучтар кычкылтек маскасын пайдаланышкан эмес, кулап бараткан учакта герметтешпеген абал түзүлүп, учкучтарда гипоксия пайда болгон. 660-680 км/саат ылдамдык менен кулоодо аба басымы секундасына 9-14 мм сымап мамычасы менен көбөйүп, аэродинамикалык соккуну пайда кылган. Натыйжада учкучтар эсин жоготуп койгон.
Бул кырсыктын техникалык жактары. Муну менен катар эле анын башка жактары да ачылган. КГБнын офицери Вениамин Русяевдин айтымында Ю.Гагаринди "жок кылуу планы" бир жыл мурда башталган. 1967-жылы апрелде "Союз-1" кемеси космоско учмак. Анда В.Комаров учуп, ал эми Ю.Гагарин ага дублер болмок. В.Комаров В.Русяевди конокко чакырып, узатып жатып "мен космостон кайтып келбейм" деген. В.Русяев "анда учпай эле койбойсуңбу?" десе, ал "анда Ю.Гагарин жок болуш керек болот" деп ыйлаган экен.
Ю. Гагарин бир топ адисти чогултуп, Л.Брежневге кеме учууга даяр эмес деп кат жазат. Катты В.Русяев генерал-майор К.Макаровго берет. Ал катты Цинаев дегенге бердиртет. Цинаев Л.Брежневдин досу жана бажасы болгон.
Бирок окуя тескерисинен кетип, катты билгендер алыстатыла баштайт. К.Макаров жумуштан кетет, В.Русяев областтык бөлүмгө которулат.
23-апрелде "Союз-1" космоско учуп, В.Комаров курман болот. Жерге түшөөрү менен Ю.Гагарин В.Русяевге жолугуп, жүрүп жаткан көрүнүштөрдү токтотуу үчүн бир топ иштерди жасаганын айтып, аны Л.Брежневге билдирүү керектигин түшүндүрөт. Бирок ал Л.Брежневге жолукканбы, жолуккан эмеспи - белгисиз. В.Русяевдин артынан катуу аңдуу башталып, үйүнө "жучоктор" коюлган.
Ю.Гагаринди үч жолу автокырсыкка кабылтуу аракети көрүлгөн. Эки жолкусунда айдоочу бузулган жерлерди байкап калган, үчүнчүсүндө машинадан өрт чыккан, бирок анын Ю.Гагаринге зыяны тийген эмес.
Ал эми атактуу көзү ачык Ванга В.Гагарин тирүү, ал Американын бир жеринде деп айткан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан