13- Март 1971 -жылы
америкалык актриса Аннабет Гиш туулган
"Секретные материалы", "Братство" сериалдарындагы ролдору менен таанылган америкалык актриса Аннабет Гиш АКШнын Нью-Мексико штатындагы Альбукерке шаарында туулган. Ал 1985-жылы 700 кыздын ичинен тандалып эң алгачкы ролуна ээ болуп, "Цветок пустыни" тасмасына тартылган. Ал эми актрисанын атактуулугу 1988-жылы "Мистическая пицца" фильмине тартылгандан кийин туу чокусуна чыккан.