28- Май 1908 -жылы Англис жазуучусу, журналист Ян Флеминг төрөлгөн
Англис жазуучусу, журналист Ян Флеминг Лондондо төрөлгөн. Ал супер тыңчы Жеймс Бонд жөнүндөгү романдардын автору катары белгилүү болгон.
Журналист Ян Флеминг 42 жашында жашоонун бардык кызыкчылыгынан кечип, жалгыз аралга кетүүнү чечет. Түйшүктүү кесибинен баш тартканы менен, Яндын жан дүйнөсү тынч ала албайт. Ямайкадагы вилласында жалгыз күн кечирип, тамеки тарта деңиз жээктеп ойлонуп жүрүп, жеңилбес Бонддун образын ойлоп табат. Ал учурда Ян өзү да тарыхта кала турган каарманды түзүп жатканын билген эмес.
Флеминг Экинчи дүйнөлүк согушта Британия падышачылыгынын алдындагы флотто чалгынчы болуп кызмат кылган. Ошондуктан Бонддун образын түзүүдө өзүнүн тажрыйбасына таянган. Бонддун жашоодогу персонажы жок, жалаң гана автордун фантазиясынан жаралган. Айрымдар Ян менен Бонддун ортосунда окшоштуктар бар экенин айтышкан. Ян да акыркы модадагы машинага, сулуу кыздарга, кумар оюндарына кызыккан. Ал эми Жеймс Бонд деген атты канаттуулар тууралуу китеп окуп, ошондогу орнитологдун атын алган. Бонд тууралуу чыгармалар 20-кылымдын мыкты бестселлерине айланып, 40 миң нуска менен жарык көргөн.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан