14- Март 1979 -жылы
орусиялык алпаруучу, “Комеди клаб” теледолбоорунун катышуучусу, актёр Павел Воля туулган
Орусиялык алпаруучу, “Комеди клаб” теледолбоорунун катышуучусу, актёр Павел Воля Орусиянын Пенза шаарында туулган. Ал 2001-жылы Пенза мамлекеттик педагогикалык университетин орус тил жана адабият мугалими адистиги боюнча аяктаган. Андан соң дароо Москвага сапар алып, ал жактан алгач курулушта иштеген. Кийин ди-джей, алпаруучу болуп чыгармачылык жолун уланткан.