16- Март 1839 -жылы Француз акыны Франсуа Сюлли-Прюдом туулган
Белгилүү француз акыны, адабият боюнча Лев Толстойдон биринчи “Нобель” сыйлыгын илип кеткен Франсуа Сюлли-Прюдом Парижде төрөлгөн. Анын башталгыч, бала кездеги ырлары кайгылуу болгон. Сюллинин ырлары негизинен көркөмдүүлүгү жана стили башкача болгондугу менен айырмаланып турган. Анын лирикаларынын көп бөлүгү адилеттүүлүккө, бакубаттыкка жана мээримдүүлүккө багытталган. Сюллинин жогоруда айтылган багыттагы ырлары үчүн алгачкы жолу "Нобель" сыйлыгынын лауреаты болуп тандалып алынган. Сюлли-Прюдом 7-сентябрда 1907-жылы Парижде каза болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан