17- Март 1951 -жылы
америкалык актёр, сценарист жана продюсер Рассел Курт туулган
Америкалык актёр, сценарист жана продюсер Рассел Курт АКШнын Массачусетс штатындагы Спрингфилд шаарында туулган. Ал кичинекей кезинен тартып "Дисней" студиясынын ар кандай тасмаларына тартылып, 11 жашында "Наш человек Хиггинс" тасмасында роль жараткан. Ошол ролунан кийин "Дисней" студиясы Рассел Курт менен 10 жылдык келишим түзгөн. Бирок Рассел Курт тээ бала чагынан бери мыкты бейсболчу болууну кыялданып келгендиктен, актёрлукту таштап, 1970-жылдан тартып бейсбол менен машыга баштаган. Машыгуудан алган жаракаты аны спортту таштап кайрадан актёрлукка келүүгө аргасыз кылган.
Актёрдун эң алгачкы көрүнүктүү ролу "Элвис" (1979) тасмасындагы Элвис Преслинин ролу болгон. Кийин Рассел Курт "За бортом", "Силквуд", "Трасса 60", "Большой переполох в маленьком Китае", "Побег из Нью-Йорка", "Танго и Кэш" "Нечто", "Звездные врата" сыяктуу ар түрдүү жанрдагы тасмаларга тартылган.