18- Март 1963 -жылы
америкалык ырчы, актриса жана модель Ванесса Линн Уильямс туулган
Америкалык ырчы, ырлардын автору, продюсер, актриса жана модель Ванесса Линн Уильямс Нью-Йоркто туулган. 1984-жылы “Мисс Америка” титулунун биринчи кара терилүү кожойкеси аталып тарыхта калган. Бирок ошол эле жылдын жайында "Penthouse" журналы Ванесса Линн Уильямстын ошол убакка чейин тартылган коомдук этикага туура келбеген сүрөттөрүн жарыялап чыккан. Ошондон улам чоң чатак чыгып, Ванесса Линн Уильямс титулдан баш тартууга аргасыз болгон. Андан соң Ванесса Линн Уильямс ырчылыкка ооп, көптөгөн ийгиликтерге жеткен. 1995-жылы "Покахонтас" мультфильминдеги "Colors of the Wind" аттуу ыры "тасма үчүн эң мыкты ыр" деп табылып, ырчы "Грэмми", "Оскар", "Алтын глобус" сыйлыктарына арзыган.
Ал эми 1990-жылдардын экинчи жарымында Уильямс актриса катары тааныла баштаган. 1996-жылы ал Арнольд Шварценеггер менен биргеликте "Стиратель" тасмасына тартылып, атактуулугу мурункудан да арткан.