Советтик жана орусиялык поп ырчы, актёр Валерий Леонтьев Коми АССРнин Усть-Уса кыштагында туулган. Валерий Леонтьев 1987-жылы Украинанын Эмгек сиңирген артисти, 1996-жылы Орусиянын Эл артисти наамдарына арзып, өзүнүн таланты менен көптөгөн "World Music Awards", ZD Awards, Овация, Алтын Граммофон сыйлыктарынын ээси болгон. 1980-2001-жылдар аралыгында Валерий Леонтьев атактуулуктун туу чокусуна жетип, көп жетишкендиктерге жеткен.