“Гарри Поттер менен Азкабандын абакчысы”, “Чаар пижама кийген бала” тасмаларындагы ролдору аркылуу таанылган англиялык актёр Дэвид Тьюлис Англиянын Блэкпул шаарында туулган. Бала кезинде Дэвид Тьюлис "QED" аталышындагы рок-группанын мүчөсү болгон. Кийин "Door 66" панк-рок тобунун негизги гитаристи болуп жүрүп Лондонго концерт коюп келип калышкан. Дал ошол убакта иш чөйрөсүн алмаштырууну чечип, музыка жана театр мектебине тапшырып, 1984-жылы бүтүргөн. Окуусун аяктаган соң театрда иштеген. Дэвид Тьюлистин тасма талаасындагы тушоосу 1993-жылы Майк Ли аттуу режиссёрдун "Обнажённые" тасмасында кесилген.