Америкалык режиссёр жана мультипликатор Крис Уэж АКШнын Нью-Йорк штатындагы Бингемтон шаарында төрөлгөн. Крис Уэж 1975-жылы мектепти аяктап, ал эми 1981-жылы (State University of New York at Purchase) колледжди бүтүргөн. Андан соң Колумбустагы университеттен компьютердик графика жана сүрөт тартуу боюнча магистрдик даражага ээ болгон. Кийин Нью-Йорктогу искусство мектебин бүтүрүп, мультфильм тартууга баш оту менен кирип кеткен.