20- Март 1990 -жылы Легендарлуу советтик дарбазачы Лев Яшин көз жумган
Легендарлуу советтик дарбазачы Лев Яшин 60 жаш курагында оорудан улам көз жумган. 
Лев Яшин 22-октябрда 1929-жылы жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган. Бала чагы согуш мезгилине туш келип Москва шаарына жакын жерде Тушинодо слесарь болуп эмгектенген. Жумуш күнү аяктаганда эле заводдун футбол талаасына шашчу. Алгач чабуулчу болгусу келген. Бирок, биринчи машыктыруучусу Н.Лариончиков Лев Яшинди дарбазачы кылууну самап, көп убакытта барып ынандырган. Кийин армия кызматын өтөп келгенден кийин "Динамо" спорт клубуна барган. Ал жерден А.Чернышев байкап, 1950-жылы чеберлер арасына кошуп алат. Ошондо эле Яшиндин мыкты дарбазачы болорун баамдаган. Кийин үч жыл катары хоккейде күчүн сынап көргөн. Бирок, "футбол менин спортум, анын ичинде дарбазачы болуу мен үчүн чоң сыймык" деп чечим чыгаруу менен футболго биротоло келген. Лев үчүн 1963-жыл бактылуу жылдардан болуп, "Алтын топ" сыйлыгын дарбазачы катары алган. Ошол жылдары өзүнүн "Динамо" командасында 27 оюнда араң 6 гана топ киргизген. 1972-жылы 27-майда 43 жашында топ менен коштошкон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан