21- Март 1685 -жылы
Немис композитору Иоганн Себастьян Бах туулган
Улуу немис композитору Иоганн Себастьян Бах туулган. Бах дүйнөдөгү музыка искусствосунун белгилүү фигурасы болуп, өлбөс-өчпөс сонун чыгармаларды жараткан. Анын балдары да ата жолун жолдоп таланттуу болушкан. Бахтын 20 баласы болгон, жетөө биринчи никесинен, калган 13ү экинчи аялынан. Анын 4 баласы композитор болсо, улуу кызы жакшы ырдаган. Бах өзүнүн таланттуу үй-бүлөсү үчүн вокалдык жана инструменталдык ансамбль түзгөн. Акыркы жылдары Бахтын тез эле ден соолугу начарлап, көзүнө жасалган эки жолку операциясы ийгиликсиз аяктап, көзүнүн көрбөй калышына алып келген. Ошол учурда да чыгармачылыгын таштабай, көкүрөгүндөгүсүн айтып берип жаздырган. Улуу композитор 1740-жылы каза болуп, сөөгү өзү 27 жыл кызмат кылган Фомадагы чиркөөнүн жанына коюлган.