21- Март 1962 -жылы
америкалык актёр Мэттью Бродерик туулган
Америкалык актёр Мэттью Бродерик Нью-Йоркто эмигранттардын үй-бүлөсүндө туулган.
Актёрлук карьерасын 1983-жылы "Макс Дагэндин кайтуусу" ("Возвращение Макса Дагэна") тасмасына тартылып баштаган. Ал эми Мэттью Бродерикке атактуулукту Жона Бэдэмдин "Аскердик оюндар" ("Военные игры") тасмасындагы ролу алып келген. Андан соң актёрго жалаң гана башкы ролдордо тартылууга сунуштар түшүп, "Феррис Бьюллер дем алыш алат" ("Феррис Бьюллер берёт выходной"), "Үй-бүлөлүк иш" ("Семейное дело"), "Атак" ("Слава"), "Годзилла", "Инспектор Гаджет", "Продюсерлер" тасмаларында көрүнүктүү ролдорду жараткан. Мэттью Бродерик актёрлуктан сырткары мультфильмдерге үн коштогон. Мисалы, "Падыша арстан" ("Король Лев") мультфильминдеги Симбону сүйлөткөн дал ушул Мэттью Бродерик болгон.