“Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев 10 пункттан турган талабын өкмөткө жөнөтүп, “эгерде алар аткарылбаса, биздин фракция коалициядан чыгат” деп билдирүү жасаган. Ал талаптар кадр саясаты, коалициялык макулдашууну ачык жарыялоо, кеңири коалиция түзүү, коалициянын кеңешин түзүү, стратегиялык маселелерди ошол кеңеште чечүү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрин шайлоону төрт айдын ичинде өткөрүү, президенттик шайлоого катыша турган болсо өкмөт башчынын кызматынан кетүүсүн аныктоого байланыштуу болгон.